> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» аэропорту 2023-жылдын 6 ай аралыгында 2.5 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/19/manas-aeroportu-2023-zhyldyn-6-ai-aralyghynda-2-mln-500-mindien-ashuun-zhurghunchunu-tieiliedi/
- Published: 2023-07-19T03:10:27.000Z
- Updated: 2023-07-19T03:10:26.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» эл аралык аэропорту» ААКу 2023-жылдын 6 ай аралыгында 2 500 522 жүргүнчүнү тейледи. Бул көрсөткүч 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 12.6% көбөйгөн. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.**

Такталгандай, 1.7 млн киши эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, 714 миң ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзгөн.

Жарым жыл ичинде 19 493 каттам ишке ашырылды – бул 2022-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 2.5% көбүрөөк. Авиакаттамдардын 13 801 – эл аралык, ал эми 5 692 – ички каттамдар.