2023-жылы айыл чарба тармагына 5.6 млрд сом бөлүндү

Айыл чарба экономикалык секторунун өнүгүүсүнүнө 2023-жылга республикалык бюджеттен бардыгы болуп 13.5 млря сом финансы каражатын бөлүп берүү каралган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында иш жүзүндө 5.6 млрд сом бөлүнүп берилди.

Республикалык бюджеттен берилип жаткан финансалык каражаттар айыл чарба экономика секторунун негизги багыттары болгон үрөнчүлүк тармагын жакшыртууга, мал чарба жана дыйканчылык, ошондой эле айыл чарба азыктарын кайра иштетүү менен алектенген айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген шартта насыялоого, ирригация объекттерин курууга, оңдоого, тазалоого, мамлекеттик материалдык резервге тамак-аш корун керектүү көлөмүн сатып алууга сарпталды.