> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууу планы 948 млн сомго аткарылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/20/salyk-zhana-kamsyzdandyruu-toghumdorun-choghultuuu-plany-948-mln-somgho-atkaryldy/
- Published: 2023-07-20T06:25:39.000Z
- Updated: 2023-07-20T06:25:38.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы 2023-жылдын январь-июнь айларында 116 млрд 165.4 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 948 млн сомго ашыкча аткарылган. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында мекеменин төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.**

Маалыматка ылайык, чогулган сумма 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,7 млрд сомго көп. Анын ичинде салык жана төлөмдөр 84 млрд 446.2 млн сомду жана камсыздандыруу төгүмдөрү 31 млрд 719.2 млн сомду түзөт.

> «Пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруу факторлорунун бири салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү болуп саналат. Ошондой эле, салык жол-жоболорун өркүндөтүү, контролдоону оптималдаштыруу жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү», - деди Абдувапов.