Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууу планы 948 млн сомго аткарылды

Салык кызматы 2023-жылдын январь-июнь айларында 116 млрд 165.4 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 948 млн сомго ашыкча аткарылган. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында мекеменин төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Маалыматка ылайык, чогулган сумма 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,7 млрд сомго көп. Анын ичинде салык жана төлөмдөр 84 млрд 446.2 млн сомду жана камсыздандыруу төгүмдөрү 31 млрд 719.2 млн сомду түзөт.

«Пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруу факторлорунун бири салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү болуп саналат. Ошондой эле, салык жол-жоболорун өркүндөтүү, контролдоону оптималдаштыруу жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү», - деди Абдувапов.