Үч жыл бою үнөмдөө – Кыргызстанда 1-августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүү сунушталды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев министрлер кабинетинин жыйынында Кыргызстанда үч жылдык мөөнөткө өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясы, кубаттуулуктар жетишсиз болууда. Ошол эле учурда азыртан чара көрүлбөсө, кризис күчөйт. Быйылкы жылы дефицит 3 млрд кВт саат болсо, 2026-жылга чейин 5-6 млрд кВт саатка чейин өсүшү мүмкүн.

Буга байланыштуу министр 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады. Бирок ал бул режимдин мезгилинде өлкөдө кандай чектөөлөр киргизилээрин жана керектөөчүлөргө карата мамлекет кандай чараларды көрөрүн тактаган жок.

Бул идеяны министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров колдоп, жакынкы үч жылда энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратып, анда Кыргызстан 2026-жылга чейин электр энергиясынын тартыштыгынан кутулуу ниети бар экенин билдирген. Бирок бул максаттарга жетүү үчүн өзгөчө абал киргизүү пландалып жаткандыгы тууралуу текстте эч кандай сөз жок.