Жыл башынан бери бюджеттин профицити 2.3 млрд сомду түздү

2023-жылдын алты айында республикалык бюджеттин профицити 2.34 млрд сомду түздү. Бул тууралуу КР Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин 2023-жылдын I жарым жылдыгы боюнча жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч салык жана бажы төлөмдөрү тармагында жүргүзүлгөн реформалардын аркасында жетишилди. 2022-жылы башталган салык реформасы алгачкы жыйынтыгын берип жатат.

Ал Бажы кызматынын ишинин жыйынтыгына токтолуп, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында 48.8 млрд сом жыйналып, же план 53.8%га аткарылганын белгиледи.