> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылдын жарым жылында мамлекеттик инвестициялардын көлөмү 17.8 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/21/2023-zhyldyn-zharym-zhylynda-mamliekiettik-inviestitsiialardyn-kolomu-17-8-mlrd-somdu-tuzdu/
- Published: 2023-07-21T10:00:28.000Z
- Updated: 2023-07-21T10:00:28.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023 жылдын мамлекеттик инвестициялардын бюджети 45.9 млрд сомду түзөт. Акыркы алты айдын ичинде 17.8 млрд сом өздөштүрүлду же 39%га аткарылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Азыркы учурда инвестициялардын жалпы суммасы 3.4 млрд долларын түзгөн 114 долбоор ишке ашырылып жатат. Анын ичинде 1.3 млрд доллары толук өздөштүрүлгөн. 2.1 млрд доллары 2026-жылга чейин өздөштүрүлөт. 

Эске салсак, былтыр мамлекеттик инвестициялырдын бекитилген бюджети 35.6 млрд сомду түзгөн. Бюджеттин аткарылышы 91 пайызды түзгөн.