2023-жылдын жарым жылында мамлекеттик инвестициялардын көлөмү 17.8 млрд сомду түздү

2023 жылдын мамлекеттик инвестициялардын бюджети 45.9 млрд сомду түзөт. Акыркы алты айдын ичинде 17.8 млрд сом өздөштүрүлду же 39%га аткарылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Азыркы учурда инвестициялардын жалпы суммасы 3.4 млрд долларын түзгөн 114 долбоор ишке ашырылып жатат. Анын ичинде 1.3 млрд доллары толук өздөштүрүлгөн. 2.1 млрд доллары 2026-жылга чейин өздөштүрүлөт.

Эске салсак, былтыр мамлекеттик инвестициялырдын бекитилген бюджети 35.6 млрд сомду түзгөн. Бюджеттин аткарылышы 91 пайызды түзгөн.