> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АКШ төрт кыргызстандык компанияга санкция киргизди – алар 2022-жылы негизделген
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/21/aksh-tort-kyrghyzstandyk-kompaniiagha-sanktsiia-kirghizdi-alar-2022-zhyly-nieghizdielghien/
- Published: 2023-07-21T05:10:20.000Z
- Updated: 2023-07-21T05:10:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**АКШ Кыргызстанда жайгашкан төрт компанияга санкция киргизди. Бул тууралуу маалымат АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын сайтында жайгаштырылган.**

Такталгандай, Кыргызстанда жайгашкан компаниялар Россия Украинага толук масштабдуу кол салууну баштагандан бери электроника тетиктерин жана башка технологияларды көп экспорттогон.

**Ошентип, төмөнкү компанияларга санкциялар киргизилди:**

«РМ Дизайн и Девелопмент» ЖЧК, 2022-жылдын март айында түзүлгөн. Компания Кыргызстанда жайгашкан жана электрондук жана телекоммуникациялык жабдууларды жана тетиктерди сатат. 

«Прогресс Лидер» ЖЧКсы 2022-жылдын март айында Россиянын жараны Татьяна Иванова тарабынан түзүлгөн. 

«ГТМЭ Технологии» ЖАК, Кыргызстанда 2022-жылдын июнь айында катталган. Компания Россияга ондогон товарларды, анын ичинде тантал конденсаторлору жана электрондук интегралдык микросхемалар сыяктуу товарларды жөнөттү.

ЖЧК «Карголайн», 2022-жылдын март айында негизделген. Компания Россияга миллиондогон долларлык чет элдик учактарды, анын ичинде түздөн-түз АКШнын экспорттук көзөмөлүндөгү авиакомпанияларга жеткирген.