АКШ төрт кыргызстандык компанияга санкция киргизди – алар 2022-жылы негизделген

АКШ Кыргызстанда жайгашкан төрт компанияга санкция киргизди. Бул тууралуу маалымат АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын сайтында жайгаштырылган.

Такталгандай, Кыргызстанда жайгашкан компаниялар Россия Украинага толук масштабдуу кол салууну баштагандан бери электроника тетиктерин жана башка технологияларды көп экспорттогон.

Ошентип, төмөнкү компанияларга санкциялар киргизилди:

«РМ Дизайн и Девелопмент» ЖЧК, 2022-жылдын март айында түзүлгөн. Компания Кыргызстанда жайгашкан жана электрондук жана телекоммуникациялык жабдууларды жана тетиктерди сатат.

«Прогресс Лидер» ЖЧКсы 2022-жылдын март айында Россиянын жараны Татьяна Иванова тарабынан түзүлгөн.

«ГТМЭ Технологии» ЖАК, Кыргызстанда 2022-жылдын июнь айында катталган. Компания Россияга ондогон товарларды, анын ичинде тантал конденсаторлору жана электрондук интегралдык микросхемалар сыяктуу товарларды жөнөттү.

ЖЧК «Карголайн», 2022-жылдын март айында негизделген. Компания Россияга миллиондогон долларлык чет элдик учактарды, анын ичинде түздөн-түз АКШнын экспорттук көзөмөлүндөгү авиакомпанияларга жеткирген.