Баткенде 600дөн ашуун ишкер жеңилдетилген насыя алды

Баткен облусунда 2023-жылдын алты ай ичинде «РСК банк» жана «Айыл банк» тарабынан 6% насыялар жалпы 508 ишкерге берилди. Бул тууралуу  президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Берилген насыялардын суммасы 232.1 млн сомду түздү. Анын ичинен 408 ишкер насыяны мал чарбачылыгына алса, 100 ишкер талаачылык үчүн алган.

Аны менен катар республикалык бюджеттен Финансы кредиттик фонду аркылуу чек арадагы акыркы окуяда жабыркаган ишкерлерди колдоо максатында, 107 ишкерге 1% менен жалпы 90.2 млн сом  насыя берилди. Жалпы 162 ишкер кайрылган, улам кредиттик келишимдер түзүлүп, насыясы которулууда.  

Ошондой эле сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу долбоору боюнча 5 фермер 2.5 млн сом насыя алган.