Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын таза кирешеси 85.7 млн сомду түздү
2023-жылдын 6 айында Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын таза кирешеси 85.7 млн сомду түздү. Бул тууралуу МИКтин маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Мамлекеттик ипотекалык компания бюджетке 21.5 млн сомдон ашык салык төлөдү. 2022-жылдын ушул эле мезгилинде өлкө бюджетине 15.5 млн сом салык төлөгөн.
Жалпысынан компаниянын кирешеси отчеттук мезгилде 148.3 млн сомду түздү. Компаниянын уставдык капиталы 13 млрд 547 млн 200 миң сом түздү.