Казакстандын «Инновациялык Гефест» Бишкектин ЖЭБине 3.2 миң тонна көмүр жеткирди

Бишкек ЖЭБине Шубаркүл кенинен көмүрдүн биринчи партиясы алынып келинди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Бүгүнкү күндө Шубаркүл кенинен D сортундагы көмүрдүн биринчи партиясы жалпы салмагы 3.2 миң тонна болгон 47 вагон көмүр келип түшүрүлдү.

Казакстандык ОсОО «Инновациялык Гефест» компаниясы менен 550 миң тонна көмүр алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. Калориясы 5500 ккал/кг кем эмес.

Көмүрдүн кийинки партиясы, 48 вагон жакынкы күндөрү графиктин негизинде жеткирилет. 550 мин тонна көмүрдү жеткирүү график менен март айына чейин созулат.  

Мындан тышкары Кара-Кече кенинен 600 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр алуу боюнча келишимдер түзүлгөн.