> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россиядагы мигранттарга 14 млн рубль төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/24/rossiiadaghy-mighranttargha-14-mln-rubl-tolonboghon-emghiek-aky-aluugha-zhardam-bierildi/
- Published: 2023-07-24T05:50:06.000Z
- Updated: 2023-07-24T05:50:05.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Россиядагы кыргызстандыктарга 14 млн рубль төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.**

Маалымат боюнча, жыл башынан бери министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүнө россиялык иш берүүчүлөр тарабынан Кыргызстандан барган эмгек мигранттарына төлөнбөгөн эмгек акылар боюнча 245 кайрылуу түшкөн.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында (иш сапарлары, сүйлөшүүлөрү, РФнын прокуратурасына жана укук коргоо органдарына кайрылуулар) 193 кыргызстандык эмгек акысын ала алышкан.