Россиядагы мигранттарга 14 млн рубль төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берилди

Россиядагы кыргызстандыктарга 14 млн рубль төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалымат боюнча, жыл башынан бери министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүнө россиялык иш берүүчүлөр тарабынан Кыргызстандан барган эмгек мигранттарына төлөнбөгөн эмгек акылар боюнча 245 кайрылуу түшкөн.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында (иш сапарлары, сүйлөшүүлөрү, РФнын прокуратурасына жана укук коргоо органдарына кайрылуулар) 193 кыргызстандык эмгек акысын ала алышкан.