> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт тармагына 2023-жылдын 6 айында 2.5 млрд сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/24/transport-tarmaghyna-2023-zhyldyn-6-aiynda-2-5-mlrd-som-bolundu/
- Published: 2023-07-24T08:50:53.000Z
- Updated: 2023-07-24T08:50:52.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Транспорт тармагына 2023-жылдын 6 айында 2.5 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Каралган каражаттардын алкагында ишке ашырылуучу жол тармагынын негизги иш-чаралары:

• -1.3 млрд сом суммасына жол-курулуш техникасын сатып алуу;

• жолдорду оңдоого жана тейлөөгө, анын ичинде 30 миң тонна көлөмүндө битум сатып алууга – 1.3 млрд сом;

• учурдагы бюджет боюнча 249.6 км жолду асфальттоо;

• «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржылануучу объекттердин 188.8 км жолдорун асфальттоого – 1.2 млрд сом;

• мамлекеттик инвестициялар – 11.3 млрд сом.

Көрсөтүлгөн каражаттардын эсебинен 356 млн сом жол битумун сатып алууга багытталды. Техника алууга 861.3 млн сом каржыланган.

Мындан тышкары, «капиталдык салым» беренеси боюнча бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.