Транспорт тармагына 2023-жылдын 6 айында 2.5 млрд сом бөлүндү

Транспорт тармагына 2023-жылдын 6 айында 2.5 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Каралган каражаттардын алкагында ишке ашырылуучу жол тармагынын негизги иш-чаралары:

• -1.3 млрд сом суммасына жол-курулуш техникасын сатып алуу;

• жолдорду оңдоого жана тейлөөгө, анын ичинде 30 миң тонна көлөмүндө битум сатып алууга – 1.3 млрд сом;

• учурдагы бюджет боюнча 249.6 км жолду асфальттоо;

• «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржылануучу объекттердин 188.8 км жолдорун асфальттоого – 1.2 млрд сом;

• мамлекеттик инвестициялар – 11.3 млрд сом.

Көрсөтүлгөн каражаттардын эсебинен 356 млн сом жол битумун сатып алууга багытталды. Техника алууга 861.3 млн сом каржыланган.

Мындан тышкары, «капиталдык салым» беренеси боюнча бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.