Кыргызстан кореялык Sky Industrial Group менен лифт куруу тармагын өнүктүрүүнү ниеттенүүдө

Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев лифт куруу тармагындагы кореялык Sky Industrial Group жана «Кыргыз лифт ассоциациясы» Коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Холдинг жана «Кыргыз лифт» кластердик ыкманы колдонуу менен Кыргызстанда лифт куруу сыяктуу жаңы өнөр жай тармагын өнүктүрүүнү илгерилетүү максатында Корея менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 500 лифт чыгарууга эсептелген жана жүргүнчүлөрдү, топтук, панорамалык жана ооруканалык лифттерди өндүрүүнү карайт. Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстанга инвестиция тартууга көмөк көрсөтүүгө ниеттенген өз мүчөлөрүн колдоого даяр.