> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Азербайжандан инвестиция тартууга кызыкдар
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/27/kyrghyzstan-azierbaizhandan-inviestitsiia-tartuugha-kyzykdar/
- Published: 2023-07-27T04:19:19.000Z
- Updated: 2023-07-27T04:19:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Азербайжандан инвестиция тартууга кызыкдар. Бул тууралуу Чолпон-Атада өткөн «Кыргызстан-Азербайжан» бизнес-форумунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айтты.**

Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттеринин ортосундагы бекем саясий эрк жана ишенимдүү диалог соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка маанилүү тармактарда кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын жаңы горизонтторун ачат.

Ал форумдун алкагында айыл чарба, эт жана эт азыктарын жеткирүү, логистика жаатында бир катар келечектүү бизнес-келишимдерге кол коюу пландаштырылып, ошондой эле аялдардын ишкердиги жана фондулук биржа жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн негиз түзүлүп жатканын кошумчалады.