Кыргызстан Азербайжандан инвестиция тартууга кызыкдар

Кыргызстан Азербайжандан инвестиция тартууга кызыкдар. Бул тууралуу Чолпон-Атада өткөн «Кыргызстан-Азербайжан» бизнес-форумунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айтты.

Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттеринин ортосундагы бекем саясий эрк жана ишенимдүү диалог соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка маанилүү тармактарда кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын жаңы горизонтторун ачат.

Ал форумдун алкагында айыл чарба, эт жана эт азыктарын жеткирүү, логистика жаатында бир катар келечектүү бизнес-келишимдерге кол коюу пландаштырылып, ошондой эле аялдардын ишкердиги жана фондулук биржа жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн негиз түзүлүп жатканын кошумчалады.