> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 765 комбайн дан эгиндерин жыйнап жатат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/27/kyrghyzstanda-765-kombain-dan-eghindierin-zhyinap-zhatat/
- Published: 2023-07-27T04:40:22.000Z
- Updated: 2023-07-27T04:40:21.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күндө республика боюнча 1944 комбайндын ичинен 1551 даярдалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Мекеменин маалыматына ылайык, Чүй, Ош облустарынын чарбаларында комбайндардын ишке даярдыгы 94-90%, ал эми Жалал-Абад облусунда 88%, Баткен жана Талас облустарында 75%, Нарын жана Ысык-Көл облустарында 57-61% түзөт.

Азыркы учурда республика боюнча кылкандуу дан эгиндерин 765 комбайн жыйнап жатат. Өткөн жылы бул көрсөткүч 644 комбайнды түзгөн. Башка аймактардан 68 комбайн тартылды.