Түштүк Корея менен Кыргызстан жумушчуларды кабыл алуу механизмдерин кайрадан талкуулашты

2023-жылдын 25-июлунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кореянын эмгек жана ишке орноштуруу министри Ли Жонг Сик менен жолугуп эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Тараптар жумушчуларды кабыл алуу механизмдерин, анын ичинде регионалдык квоталардын негизинде ишке ашыруу механизмдерин кеңейтүүгө, коомчулукту процессти көзөмөлдөөгө жигердүү тартууга, ошондой эле Кореяда мыйзамдуу эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти. Ошондой эле кыргыз тарап жумушчуларды социалдык жактан коргоону жана эмгек нормаларын сактоону камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Ли Чжон Сик мындай жолугушуулар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоонун маанилүү механизми болуп саналарын жана эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.