«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча кайрадан талкуу өттү

КРнын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Кытайдын элчиси Юй Цзюнь менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча өзүнчө талкуу болду. Бул маанилүү инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жаатында тыгыз кызматташуу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Тараптар ошондой эле аймактын өлкөлөрүнүн жана элдеринин ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кызмат кылган «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы мамлекет башчыларынын биринчи Саммитинин жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешти.

Элчи М.Жаманбаев Элчи Юй Цзюньду дипломатиялык миссиясынын башталышы менен жылуу куттуктап, бардык пландардын ийгиликтүү ишке ашырылышын каалады.