> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Жыйынды пост» штаттык режимде иштеп баштады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/28/zhyiyndy-post-shtattyk-riezhimdie-ishtiep-bashtady/
- Published: 2023-07-28T10:15:07.000Z
- Updated: 2023-07-28T10:15:06.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы 28-июлга караган түнү «Жыйынды пост» маалыматтык системасынын ишинде убактылуу үзгүлтүккө учураганы байланыш оператору тарабынан интернеттин өчүрүлүшүнөн улам болгонун билдирет.**

Байланыш оператору маалымдагандай, үзгүлтүккө учуроонун себептери базалык жабдууларда болуп, байланышты калыбына келтирүү үчүн 8 сааттан ашык убакыт талап кылынган.

Бул Казакстандын аймагында жүк ташуучу унаалардын Кыргызстандын кире беришине топтолушунун себеби болду.

Бүгүн, эртең мененки саат 8:20дан тартып байланыш кайра жандангандан кийин "Жыйынды пост" системасы штаттык режимде иштеп жатат жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларды эсепке алуу эч кандай кечигүүсүз ишке ашырылууда.