«Жыйынды пост» штаттык режимде иштеп баштады

Салык кызматы 28-июлга караган түнү «Жыйынды пост» маалыматтык системасынын ишинде убактылуу үзгүлтүккө учураганы байланыш оператору тарабынан интернеттин өчүрүлүшүнөн улам болгонун билдирет.

Байланыш оператору маалымдагандай, үзгүлтүккө учуроонун себептери базалык жабдууларда болуп, байланышты калыбына келтирүү үчүн 8 сааттан ашык убакыт талап кылынган.

Бул Казакстандын аймагында жүк ташуучу унаалардын Кыргызстандын кире беришине топтолушунун себеби болду.

Бүгүн, эртең мененки саат 8:20дан тартып байланыш кайра жандангандан кийин "Жыйынды пост" системасы штаттык режимде иштеп жатат жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларды эсепке алуу эч кандай кечигүүсүз ишке ашырылууда.