Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүү келечеги мурдагыдай эле айрыкча региондордо өзгөрмөлүү бойдон калган тышкы шарттардын таасири астында калуусу уланууда, глобалдык инфляциянын жогорку маанилерде сакталып турушуна жана дүйнөлүк финансы рынокторунда белгисиздик жагдайынын үстөмдүк кылышына байланыштуу кыска мөөнөттүү мезгилде экономикалык жагдайдын жакшыруусу кыйла консервативдүү күтүүлөр менен мүнөздөлөт.

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын экономикасы 3,9 пайызга өсүштү көрсөткөн, мында көбүрөөк салым кызмат көрсөтүү сектору тарабынан камсыз кылынган. Экономикалык жигердүүлүк да ички суроо-талаптын кеңейиши менен колдоого алынган.  

Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын төмөндөө динамикасы ички баалардын динамикасына таасирин тийгизген. 2023-жылдын июль айында (21ине карата абал боюнча) инфляция жылдык мааниде 10,3 пайызды түзгөн, мында анын түзүмүндө азык-түлүк товарларына баанын өсүшү 2022-жылдын декабрындагы 15,8 пайыз деңгээлинен жылдык мааниде 6,9 пайызга чейин төмөндөгөн. Өлкөдө жалпы баа деңгээлинин кыйла жай төмөндөшүн бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы жана ички суроо-талаптын туруктуу кеңейиши шарттаган. Мында акча-кредит саясаты жагында буга чейин кабыл алынган чаралардын топтолгон таасири инфляция боюнча потенциалдуу тобокелдиктерди жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.