> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан ЭКСПО «Кытай – Евразия» көргөзмөсүнө катышат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/08/02/kyrghyzstan-ekspo-kytai-ievraziia-korghozmosuno-katyshat/
- Published: 2023-08-02T08:20:23.000Z
- Updated: 2023-08-02T08:20:22.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика жана коммерция министрлиги «Кытай – Евразия» көргөзмөсүнүн алкагында ата мекендик товарлардын көргөзмөсүн даярдоодо. Бул тууралуу мекеме билдирди.**

Маалыматка ылайык, көргөзмө 17-августунан 21-августуна чейин Кытайдын Үрүмчү шаарында өтөт. 

Улуттук көргөзмө павильонун уюштуруу Кыргызстандын ата мекендик продукциясын КЭРде жайылтууга багытталган жана анда Кыргызстандын 30 айыл чарба, тамак-аш жана жеңил өнөр жай ишканаларынан, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдөн жана башкалардан 140тан ашык продукция көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын 80ден ашык бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу пландаштырылууда.