Кыргызстан ЭКСПО «Кытай – Евразия» көргөзмөсүнө катышат

Экономика жана коммерция министрлиги «Кытай – Евразия» көргөзмөсүнүн алкагында ата мекендик товарлардын көргөзмөсүн даярдоодо. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 17-августунан 21-августуна чейин Кытайдын Үрүмчү шаарында өтөт.

Улуттук көргөзмө павильонун уюштуруу Кыргызстандын ата мекендик продукциясын КЭРде жайылтууга багытталган жана анда Кыргызстандын 30 айыл чарба, тамак-аш жана жеңил өнөр жай ишканаларынан, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдөн жана башкалардан 140тан ашык продукция көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын 80ден ашык бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу пландаштырылууда.