Минкаб кичи ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларды курууга жерлерди тоскоолсуз трансформацияланышын талап кылууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, кичи ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларды куруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Бакыт Төрөбаев жылытуу мезгилинен жеңил чыгуу үчүн кубаттуулугу 500 кВ электр берүү чубагыларынан тартып 0.4 кВ чейинки чубалгыларды, ошондой эле республикадагы бардык энергетикалык объектилерде ремонт иштерин сапаттуу жүргүзүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, быйылкы план боюнча төмөнкү жана жогорку чыңалуудагы 46 908.15 чакырымды түзгөн электр чубалгылары, ошондой эле кубаттуулугу 35-500 кВ түзгөн 718 даана подстанция, кубаттуулугу 0.4-0.6-10 кВ түзгөн 19 870 даана көмөкчордон капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Жыйындын жүрүшүндө Жашыл энергетика фондунун кармагына кичи ГЭС, күн жана шамал электр станцияларын курууга үч жер трансформацияланып өткөрүлгөнү белгилүү болду. Алар Кочкор жана Айтматов райондорунан жалпы 34.54 га жер.