> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 12 жыл бою токтоп турган Жыргалаң кени кайрадан ишке кирди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/08/03/12-zhyl-boiu-toktop-turghan-zhyrghalan-kieni-kairadan-ishkie-kirdi/
- Published: 2023-08-03T06:50:56.000Z
- Updated: 2023-08-03T06:50:56.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.**

Таанышуу учурунда аталган кен 12 жылдан ашык убакыттан бери иштебей турганы, бирок өлкө президентинин тапшырмасына байланыштуу 2022-жылдын жаз айларында ишке киргизилип, Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды камсыздай турганы айтылды.

Учурда Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылса, кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет, буга байланыштуу айтылды. Катуу отунга болгон муктаждыкты Жыргалаң көмүр кени толук камсыздайт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/64cb2f8e9c6ca.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/64cb2f8ded675.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/64cb2f8fab2f8-1.jpg)