12 жыл бою токтоп турган Жыргалаң кени кайрадан ишке кирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Таанышуу учурунда аталган кен 12 жылдан ашык убакыттан бери иштебей турганы, бирок өлкө президентинин тапшырмасына байланыштуу 2022-жылдын жаз айларында ишке киргизилип, Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды камсыздай турганы айтылды.

Учурда Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылса, кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет, буга байланыштуу айтылды. Катуу отунга болгон муктаждыкты Жыргалаң көмүр кени толук камсыздайт.