> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ат-Башы менен кытайлык Чжэнчжоу шаары кызматташтык байланыш келишими түзүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/08/03/at-bashy-raionu-mienien-kytailyk-chzhenchzhou-shaary-mienien-kyzmattashtyk-bailanysh-kielishimi-tuzuldu/
- Published: 2023-08-03T05:05:04.000Z
- Updated: 2023-08-03T05:05:03.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикте Хэнань провинциясынын Чжунмоу уездинин жана Чжэнчжоу шаарынын (КЭР) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Н.Баясов Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктер, кыргыз-кытай соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын келечектүү багыттары, ошондой эле, өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук потенциалы тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Чжэнчжоу шаарынын вице-мэри Ху Цян кыргыз тарапты өнүккөн электрондук өнөр жайы, автомобиль өнөр жайы, пахта, тамак-аш жана химиялык өнөр жайы менен таанымал Хэнань провинциясына келип кетүүгө чакырды. Хэнань провинциясына текстиль продукциялары өндүрүлүп, курулуш материалдары, дан эгиндерин иштетүү да абдан мыкты деңгээлде өнүккөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ат-Башы району менен Чжунмоу уездинин ортосунда боордоштук байланыш түзүү ниети тууралуу билдирүүгө кол коюлду.

Ат-Башы районунун акими Э.Абдыкадыров менен Чжунмоу уезддин башчысы Дин Вэнься эки мамлекеттин жалпы гүлдөп-өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында экономика, соода, илим жана техника, маданият, билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо жана адам ресурстары жаатында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.