Реалдуу көмүскө экономика Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарынан эки эсе ашып кетиши мүмкүн – Экономика министрлиги

Өлкөнүн көмүскө экономикасынын так маалыматтарына эч ким көз сала албайт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстандын көмүскө экономикасы өлкөнүн ИДПсынын 21% түзөт. Бирок расмий эмес маалыматтар боюнча көмүскө экономика ИДПнын 40%ын түзөт.

«Ошондуктан бул көмүскө экономика, эч ким так канча салык көмүскөдө экенин айта албайт: бирөө төлөбөйт, бирөө кошумча төлөбөйт, ошондой эле бажы төлөмдөрү, камсыздандырууну камтыйт. Ошондуктан көмүскө экономиканын канча пайызын түзөрүн так айтуу мүмкүн эмес. Улуттук статистика комитети расмий түрдө берилген маалыматтарга таянып жатат», - деди ал.