Фермерлерге 3.2 млрд сомго жеңилдетилген насыялар берилди

«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору боюнча 2023-жылдын 4-августуна карата 3.2 млрд сомго 7.2 миң насыялар берилди. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 838.3 млн сомго 1 999 насыя берилди, анын ичинен:

• “Айыл Банк” ААК, 474 млн сомго 1 105 насыя;

• “РСК Банк” ААК, 364.3 млн сомго 894 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2400206 миң сомго 5205 насыя берилди, анын иченен:

• “Айыл Банк” ААК, 1.1 млрд сомго 2 480 насыя;

• “РСК Банк” ААК, 1.2 млрд сомго 2 725 насыя.