> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан ЕАЭБдин 44 жаранына пенсия чектеди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/08/07/kyrghyzstan-ieaebdin-44-zharanyna-piensiia-chiektiedi/
- Published: 2023-08-07T07:23:54.000Z
- Updated: 2023-08-07T07:23:53.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген. Бул тууралуу Соцфонд эскертти.**

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Учурда Соцфонддун тарабынан 44 жаранга пенсия чектелди, анын 36сы Россиянын, 7си Казакстандын жарандары жана Беларусь мамлекетинин 1 жаранынан.

Ошондой эле Россия Кыргызстандын 17 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.