> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы сүт сектору боюнча 132 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/08/09/2023-zhyly-sut-siektoru-boiuncha-132-mln-somgho-zhienildietilghien-nasyia-bierildi/
- Published: 2023-08-09T04:46:44.000Z
- Updated: 2023-08-09T04:46:44.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Жыл башынан бери Финансы-кредиттик фонду сүт сектору боюнча 366 субъектке жеңилдетилген насыя берди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, берилген насыянын жалпы көлөмү 132.3 млн сомду түзөт. Кредиттер төмөнкү шарттарда берилет:

\- максаттуу багыты - сүт өндүрүү же ири мүйүздүү малдын башын көбөйтүү үчүн ири мүйүздүү малды (уйларды) сатып алуу;

\- кредиттин суммасы – жарандарга 500 миң сомдон ашык эмес;

\- фермердик чарбаларга – 1 млн сомдон ашык эмес;

\- кредит алуучулар төлөөгө жөндөмдүүлүк критерийлерине ылайык келүүгө, алардын оң кредиттик тарыхы болууга жана бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздары болбоого тийиш;

\- кредиттин мөөнөтү - 3 жылга чейин, анын ичинде негизги сумманы төлөө боюнча 9 айга чейинки жеңилдетилген мезгил;

\- кредит боюнча пайыздык ставка - жылдык 6 пайыз;

\- финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына жылдык 12 пайыз;

\- күрөөлүк камсыздоо;

\- кепилдик берүү менен 150 миң сомго чейин кредит берүү каралат.