2023-жылы сүт сектору боюнча 132 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди

Жыл башынан бери Финансы-кредиттик фонду сүт сектору боюнча 366 субъектке жеңилдетилген насыя берди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, берилген насыянын жалпы көлөмү 132.3 млн сомду түзөт. Кредиттер төмөнкү шарттарда берилет:

- максаттуу багыты - сүт өндүрүү же ири мүйүздүү малдын башын көбөйтүү үчүн ири мүйүздүү малды (уйларды) сатып алуу;

- кредиттин суммасы – жарандарга 500 миң сомдон ашык эмес;

- фермердик чарбаларга – 1 млн сомдон ашык эмес;

- кредит алуучулар төлөөгө жөндөмдүүлүк критерийлерине ылайык келүүгө, алардын оң кредиттик тарыхы болууга жана бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздары болбоого тийиш;

- кредиттин мөөнөтү - 3 жылга чейин, анын ичинде негизги сумманы төлөө боюнча 9 айга чейинки жеңилдетилген мезгил;

- кредит боюнча пайыздык ставка - жылдык 6 пайыз;

- финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына жылдык 12 пайыз;

- күрөөлүк камсыздоо;

- кепилдик берүү менен 150 миң сомго чейин кредит берүү каралат.