Бишкекте II кыргыз-корея бизнес-форуму өттү

2023-жылдын 9-августунда Бишкекте текстиль жана жеңил өнөр жай тармагындагы II кыргыз-корея бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Жыйынга мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Кореядагы укуктуу элчиси, Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси, Технологияны өнүктүрүү Корей институтунун жетекчилери (KIAT), Боёк жана дизайн технологиялары институту (DYETEC) жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты - тараптардын текстиль өнөр жайын түшүнүүсүн бекемдөө, өз ара алмашууга көмөктөшүү жана кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

«Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө, учурда республикада Кореянын катышуусу менен 1000ден ашык компания иштеп жатат. Кыргызстан Кореянын экономикасын эң өнүккөн үлгү катары карайт жана экономиканын жана өнөр жайдын бардык тармактарына жаңы технологияларды киргизүүдө алдыңкы тажрыйбаларды жана практикалык көндүмдөрдү колдонууга даяр», - деп билдирүүдө белгиленет.