ИПД 2.9%га жогорулады – Улуттук статистика комитети

ИДП, алдын-ала баалоолор боюнча, 2023-жылдын январь-июлунда өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 2.9% жогорулоо менен 563 млрд. жакын сомду түздү.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө секторлору тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0.1%, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4.6% өстү.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (53.4%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0.1% пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 27.6% түзүп, 3.5%дык пунктка тѳмѳндѳгѳн. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2.1%дык пунктка, айыл чарбасы 1.2%дык пунктка жана курулушта 0.2%дык пунктка төмөндөгөн.