Жалал-Абадда асфальт чыгаруучук завод курулат – сметалык баасы 53.7 млн сомду түзөт

Жалал-Абад шаарына 1,5 гектар жер аянтына жаңы асфальт-бетон чыгаруучу завод курулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Такталгандай, курулуш Тайгараев аймактык башкаруусунда 1.5 гектар жер аянтында жүрүп жатат. Учурда заводдун орду даярдалып, жабдыктары алынып келинди. Адистердин белгилөөсүндө жакынкы күндөрү заводду  куруу жумуштары жүргүзүлүп, ушул жылдын сентябрь айында ишке киргизилет.

Асфальт-бетон заводунун жанына атайын таш талкалоочу жабдык да орнотулат. Завод республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланууда.

Ага 53 млн. 700 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал ишке кирсе, 20дай адам жумуш менен камсыз болот.