Эми Кыргызстандын продукциялары Alibaba маркетплейсине чыга баштайт

Эми Кыргызстандын продукциялары Alibaba маркетплейсине чыгат. Бул боюнча КРнын Инвестициялар агенттиги жана эл аралык соода платформасы макулдашканын агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 14-августта инвестициялык агенттик менен Alibaba Singapore E-commerce Private Limited компаниясы Кыргызстандын ата мекендик продукциясын электрондук коммерция аркылуу Кытай рыногуна жылдыруу боюнча меморандумга кол коюшту.

"Жыйындын жүрүшүндө Умбриэль Темиралиев Кыргызстанда бажы кампаларын курууга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Мындан тышкары, ал өлкөнүн экспорттук потенциалын, ошондой эле Кытай рыногуна ийгиликтүү жеткирилип жаткан экологиялык таза продукцияны өндүрүүчүлөрдү белгиледи", деп айтылат маалыматта.

Alibaba Group өкүлдөрү кыргызстандык экспортчуларга соода аянтына кирүүгө, ошондой эле керектүү тренингдерди өткөрүүгө жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.