> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жарым жылда Кыргызстан Швейцарияга дээрлик төрт тонна алтын экспорттоду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/08/15/alty-ai-ichindie-kyrghyzstan-shvieitsariiagha-deerlik-tort-tonna-altyn-eksporttoghon/
- Published: 2023-08-15T07:18:26.000Z
- Updated: 2023-08-15T07:18:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Январь-июнь айларында Кыргызстандан 302 млн 793.6 миң доллар суммасында 4.8 тонна алтын экспорттолду. Мындай маалыматтар Улутстаткомдун статистикалык бюллетенинде айтылат.**

Берилген маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери алты ай ичинде Кыргызстан **Швейцарияга 3.97 тонна** алтындын басымдуу бөлүгүн жалпысынан 250 млн долларга жакын сатса, **Гонконгго 517.8 кг** алтынды 31 млн 483 миң долларга саткан. Мындан тышкары Кыргызстан **БАЭге** 21 млн 268 миң долларга **334.9 кг** алтын сатты.

Алсак, июнь айында республика 193.6 млн долларга, ал эми жыл башынан бери 302 млн 793.6 миң долларга алтын сатты. 2022-жылдын ушул эле мезгилинде акчалай түрдө жеткирүүлөр 609.6 миң долларды түзгөн.