> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансылык чалгындоо кызматы беш финансы уюмуна айып пул салды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/08/15/finansylyk-chalghyndoo-kyzmaty-biesh-finansy-uiumuna-aip-pul-saldy/
- Published: 2023-08-15T03:00:34.000Z
- Updated: 2023-08-15T03:00:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**КР Финансы министрлиги ушул жылдын 7 айында Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдаган 5 финансы институту аныкталганын билдирди.**

Маалыматка ылайык, аталган мекемелерге мыйзам бузгандыгы үчүн 600 миң сом айып салынган, анын ичинен:

- максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргызстандын 2 коммерциялык банкына жалпы суммасы 325 миң сом 5 айып салынды
- ички контроль системасын уюштурууга карата талаптарды бузгандыгы үчүн (ички контролдоо программасын колдонуу, тобокелдикке негизделген мамилени колдонуу, кардарды талаптагыдай текшерүүнү колдонуу) 2 микрофинансы компаниясына 5 айып жана 1 микрокредиттик компания жалпысынан 275 миң сомго айып салынган.