Финансылык чалгындоо кызматы беш финансы уюмуна айып пул салды

КР Финансы министрлиги ушул жылдын 7 айында Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдаган 5 финансы институту аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мекемелерге мыйзам бузгандыгы үчүн 600 миң сом айып салынган, анын ичинен:

  • максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргызстандын 2 коммерциялык банкына жалпы суммасы 325 миң сом 5 айып салынды
  • ички контроль системасын уюштурууга карата талаптарды бузгандыгы үчүн (ички контролдоо программасын колдонуу, тобокелдикке негизделген мамилени колдонуу, кардарды талаптагыдай текшерүүнү колдонуу) 2 микрофинансы компаниясына 5 айып жана 1 микрокредиттик компания жалпысынан 275 миң сомго айып салынган.