"Кумтөр", "Манас" аэропорту, "Алтын кен" — Кыргызстандын эң кирешелүү делген ишканаларынын тизмеси жарыяланды

Улутстатком Кыргызстанда эң эле рентабелдүү деп табылган ишканалардын тизмесин жарыялады.

Рейтинг 2022-жылкы маалыматтарга таянып, компаниялардагы кызматкерлердин саны, түшкөн акчасы (жүгүртүү), дүң киреше жана башка операциялык кирешелер, операциялык ишмердүүлүктөн түшкөн пайда, чыгым, финансылык жыйынтык (пайдадан чыгаша кемитилет) деп беш көрсөткүч боюнча түзүлгөн.

Статистикада экономиканын реалдуу секторундагы 23 728 мамлекеттик жана жеке ишкананын маалыматтары чогултулуп, анын ичинен эң алдыңкы делген 200 компаниянын тизмеси чыкты.

Алар:

  • "Кумтөр голд компани" МИ
  • "Манас" эл аралык аэропорту" ААК
  • "Алтын кен" ЖЧК
  • "Альянс Алтын" ЖЧК
  • "НУР Телеком" ЖЧКсы (О! соода маркасы)
  • "Кыргыз нефтегаз" МИ
  • "Умай Групп" ЖЧК
  • "КАЗ Минералс Бозымчак" ЖЧК
  • "Кыргыз темир жолу" МИ
  • "Альфа Телеком" МИ
  • "Кыргыз алтын" МИ
  • "Түндүкэлектро" ЖЧК
  • "Интергласс" ЖЧК
  • "Кант цемент заводу" ЖЧК
  • "КОКА-КОЛА БИШКЕК БОТТЛЕРС"
  • "Кондитерский дом "Куликовский" ЖЧК

Ишканалардын толук тизмесин Улутстаткомдун сайтынан окусаңыз болот.