АКШ менен Евробиримдиктин талаптарын этибарга албоо – КРнын компанияларын санкцияларга туш кылышы мүмкүн – Улуттук банк
АКШ менен Евробиримдиктин санкциялык режиминин талаптарын этибарга албоо — Кыргызстандын компанияларына экинчи даражадагы санкцияларды киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Улуттук банктан билдиришти.
Economist.kg Кыргызстандын банк тармагына АКШ экинчи даражадагы санкцияларды киргизиши мүмкүнбү деген суроо менен регулярдык органга кайрылды. Улуттук банк белгилүү бир шарттарда бул жыйынтыктын жогорку ыктымалдуулугун ырастады.
"АКШнын жана Евробиримдиктин санкциялык режиминин талаптарын этибарга албоо — Кыргызстандын экономикасынын субъекттерине экинчи даражадагы санкцияларды киргизүү сыяктуу оор кесепеттерге алып келет", — деп жооп берди ал.
Белгиленгендей, регулятор АКШ тарабынан экинчи даражадагы санкцияларды киргизүүгө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен мамлекеттик деңгээлде жумушчу жыйындар да өткөрүлүүдө.
"Коммерциялык банктарга алардын иши мыйзамдын талаптарын, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү, коопсуз жана сергек банк ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелерин жана учурдагы экономикалык- геосаясий кырдаалды эске алуу менен жүргүзүлүшү керектиги жөнүндө кат жөнөтүлөт", — деп кошумчалады регулятор.
Кредиттик мекемелерге банктын кардарларын тейлөөдө мыйзамдын талаптарына ылайык текшерүүнү жүргүзүүдө ички көзөмөлдү күчөтүү сунушталган.
Ошондой эле, бардык банктар экинчи даражадагы санкциялардын тобокелдиктери жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерге кылдат мониторинг жүргүзүү жана аларды минималдаштыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү зарылчылыгы жөнүндө маалымдалган. Мындан тышкары, министрлер кабинетине экинчи даражадагы санкцияларды киргизүүгө жол бербөө боюнча бир катар профилактикалык чараларды көрүү сунушу менен каттар жөнөтүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин 2023-жылдын июль айында Кыргызстандагы шектүү которууларды жасаган жана Россияга "серый" импортту колдоого аракет кылган коммерциялык банктар республиканы Батыштын катаал санкцияларына дуушар кылышы мүмкүн деп айтылган болчу.