Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча "Кумтөр" 101 млн доллардан ашык таза пайда тапты

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча "Кумтөр" дээрлик 5.5 тонна алтын сатып, андан 101.2 млн доллар таза киреше тапкан. Мындай маалыматтар компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу 19-июлда КР өкмөтүнө берген отчетунда айтылды.

"Кумтөр Голд Компанинин" алтынды сатуудан түшкөн кирешеси иш жүзүндө 341.3 млн долларды түзсө, пландалган көрсөткүч 287 млн долларды түздү.

Мурда айтылгандай, алтын казып алуучу ишкана планды ашыра орундатып, биринчи жарым жылдыкта беш жарым тоннадан ашык баалуу металл куймаларын чыгарган, аларда алтындан тышкары күмүш жана платина да болгон.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кумтөр кенинде 80 511 унция алтын өндүрүлгөн, бул 2504 килограммга барабар. Биринчи кварталда компаниянын кирешеси 146.7 млн долларды, таза кирешеси 36.9 млн долларды түзгөн.