> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга импорттолгон товарлардын саны былтыркыга салыштырмалуу 30%га өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/08/16/krnyn-ieaeb-olkoloru-mienien-soodasy-6-6-gha-kyskardy/
- Published: 2023-08-16T09:56:16.000Z
- Updated: 2023-08-16T10:06:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Улутстаткомдун алдын ала маалыматы боюнча 2023-жылдын январь-июнь айларында КРнын тышкы соода жүгүртүүсү 6705.5 млн долларын түзүп, 2022-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 31.1%га өскөн.** 

**Маалыматка таянсак:**

- КРнын **экспорту 1306.7 млн долларды** түздү жана 34.6%га же 336.2 млн долларга көбөйгөн.
- КРнын **импорту 5398.8 млн долларды** түздү, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **30.3%га** же 1256.2 млн долларга көп.

> КРнын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасы 1995.7 млн долларды түзүп, **6.6%га азайган**. Экспорт *—* 0.4%га өссө, импорт *—* 9.5%га кыскарган.

Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода 29.8%ды, анын ичинде экспортто — **48.9%ды**, импортто — 25.1%ды түздү.

Улутстатком ошондой эле КРнын үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасы 4709.8 млн долларды түзгөнүн жана дээрлик 1.6 эсеге көбөйгөнүн белгиледи.

Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө үчүнчү өлкөлөрдүн үлүшү — 70.2%ды, анын ичинде экспортто — 51.1%, импортто — 74.9%ды түздү.