Кыргызстанга импорттолгон товарлардын саны былтыркыга салыштырмалуу 30%га өстү

Улутстаткомдун алдын ала маалыматы боюнча 2023-жылдын январь-июнь айларында КРнын тышкы соода жүгүртүүсү 6705.5 млн долларын түзүп, 2022-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 31.1%га өскөн.

Маалыматка таянсак:

  • КРнын экспорту 1306.7 млн долларды түздү жана 34.6%га же 336.2 млн долларга көбөйгөн.
  • КРнын импорту 5398.8 млн долларды түздү, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30.3%га же 1256.2 млн долларга көп.
КРнын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасы 1995.7 млн долларды түзүп, 6.6%га азайган. Экспорт 0.4%га өссө, импорт 9.5%га кыскарган.

Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода 29.8%ды, анын ичинде экспортто — 48.9%ды, импортто — 25.1%ды түздү.

Улутстатком ошондой эле КРнын үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасы 4709.8 млн долларды түзгөнүн жана дээрлик 1.6 эсеге көбөйгөнүн белгиледи.

Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө үчүнчү өлкөлөрдүн үлүшү — 70.2%ды, анын ичинде экспортто — 51.1%, импортто — 74.9%ды түздү.