> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министрлиги "Айыл банктын" акционерлер курамынан чыкты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/08/18/finansy-ministrlighi-aiyl-banktyn-aktsionierlier-kuramynan-chykty/
- Published: 2023-08-18T11:28:19.000Z
- Updated: 2023-08-18T11:29:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлиги "Айыл Банктын" акционерлеринин курамынан чыкты. Эми каржы мекемесинин жалгыз ээси Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.**

"Айыл Банктын" акционерлеринин курамынан чыгуу чечимин Финансы министрлиги 18-августта кредиттик мекеменин акционерлеринин кезексиз жыйынында кабыл алган. Акыркы убакка чейин каржы бөлүмү банктын 22.3% акциясына ээлик кылса, калган 77.7% акция ММБАга тиешелүү болгон.

> Азыр эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик "Айыл Банктын" жалгыз кожоюну болуп калды. Анын акциялар пакети **7.6 млрд сомго** бааланган. Ошол эле учурда биржанын билдирүүсүндө Финансы министрлиги мамлекеттик банкка көзөмөлдү кантип өткөрүп бергендиги, акцияларды мамлекеттик агенттикке саткан же өткөрүп бергени тууралуу маалымат берилген жок.